Жарыяланган
2025-28-06, 10:55Кайра иштетилүүчү кагаз жана картонду (макулатура жана калдыктар) өлкөдөн алып чыгууга алты айга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, кайра иштетилүүчү кагаз жана картонду Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга болбойт. Бул чектөө транзитке жана өкмөт тарабынан жөнөтүлүүчү гуманитадык жардамга тиешелүү эмес.
"Токтомдун максаты жана милдети ички рынокто чийки зат ресурстарынын кескин жетишсиздигине жол бербөө жана даяр продукцияны өндүрүүнү жана экспортун стимулдаштыруу", - деп айтылат маалыматта.