Жарыяланган
2025-23-06, 11:00Бизнес чөйрөсүндө санариптештирүү тездик менен жүрүп жаткан шартта компаниялар кардарлар менен байланышты оптималдаштыруунун эффективдүү жолдорун издешет. Мындай чечимдердин бири – ар кыл тармактарда өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп келе жаткан Cybernet компаниясынын үн AI-агенттери.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн алдыңкы ондогон каржы жана коммерциялык уюмдары Cybernet’тин продукциясын колдонушат. Санарип агенттер күн сайын он миңдеген чалууларды иштеп чыгып, ай сайын операциялык чыгымдарды үнөмдөөгө жардам берип келишет.
Cybernet компаниясы үн менен иштеген AI-агенттерди түзүп, алар операторлорду жана менеджерлерди ордуна үч багытта иштейт:
толугу менен алмаштыра алышат::
* Төлөмдү өндүрүү (pre-collection, soft-collection),
* Сатуу,
* Кардарларды тейлөө (келген чалууларды кабыл алуу, статус, арыздар, FAQ).
Эң негизгиси — сатуу жөндөмү:
AI-агент төмөнкү иштерди аткара алат:
* «Муздак» базага чалуу
* Кардардын кызыгуусун аныктоо,
* Сунушту презентациялоо,
* Тиркемеге же сайтка чакыруу,
* Суроолорго жооп берүү,
* Кардарды көндүрүү,
* Сатып алууга жеткирүү,
* Кардардын берилгендигин баалоо,
* Кайра сатып алууга үндөө.
AI-агенттерге болгон суроо-талап өзгөчө төмөнкү тармактарда жогору:
* Төлөмдү өндүрүү жана жаңы продуктыларды сатуу боюнча эффективдүүлүк маанилүү болгон финтех тармагы;
* Операторлор байланыш борборлорунун жүгүн азайтып, кошумча жана кесиптик сатуу жүргүзгөн телеком тармагы;
* Базаларга чалып, арзандатуулар тууралуу маалымдап, жаңы товарларды жайылтуу жана сатуунун натыйжалуу айлампасын куруу маанилүү болгон E-commerce (электрондук соода).
Локалдаштыруу жана тилдер:
Кыргызстанда кардарлар менен байланыштардын 85%дан ашыгы кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Cybernet — AI агенттери кыргыз тилин түшүнгөн, сүйлөй алган жана анын өзгөчөлүктөрүн «сезе алган» саналуу компаниялардын бири. Ошондой эле агенттер орус жана кыргыз-орус тилдеринде аралаш иштей алат.
Глобалдык тажрыйба:
Cybernet — эл аралык компания. Кыргызстандан сырткары, биз Казакстанда, Өзбекстанда, Египетте, Түркияда, АКШда жана Мексикада иш алып барабыз.
Коопсуздук жана мыйзамдарга шайкеш келүү:
Биз Кыргыз Республикасынын «Жеке маалыматтар жөнүндө» мыйзамын катуу сактайбыз, ISO 27001 сертификатына ээбиз. Чечимдерибиз булут аркылуу да, кардардын ички IT-инфраструктурасына ылайыкташтырылып да иштей алат.
Бүгүнкү күндө санарип агент —жөн гана бот эмес, ал эң мыкты сатуучу менеджер, 24/7 иштейт. Ал азыртадан эле Кыргызстандын бизнесине, арзан, натыйжалуу жана тез өсүүгө жардам берүүдө.
Байланыш үчүн:+996 707 22 11 12, https://cyber-net.ai/.