
Жарыяланган
2026-05-03, 17:03Ошто суу коргоо зонасындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Ош региондук башкармалыгы тарабынан Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы Абыш-Сай тилкесинде жайгашкан курулуш объектилери текшерилди.
Анын жүрүшүндө К.А. аттуу жаранга тиешелүү 78 гектар жер аянтында курулган кичи жана капиталдык объектилер Абшыр-Сай дарыясынин суу коргоо зонасына мыйзамсыз жайгаштырылганы аныкталган.



