Akchabarsearch
Сокулукта аныкталган мыйзамсыз курулуш фактысы боюнча чара көрүлдү

Жарыяланган

2026-27-02, 18:09

Сокулукта аныкталган мыйзамсыз курулуш фактысы боюнча чара көрүлдү

Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан жиберилген кайрылуунун негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн алкагында Сокулук айылынын Фрунзе көчөсүндөгү бир катар объектилер каралды. Жыйынтыгында эки кабаттуу имарат тиешелүү тартипте таризделген долбоордук-уруксат берүүчү документтери жок курулуп жатканы аныкталды.

Натыйжада, аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде объекттин ээсине:

-Мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди;

-Уруксат документтерин мыйзам талаптарына ылайык тариздөө тартиби түшүндүрүлдү;

-Мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертүү иштери жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө объекттин ээси тарабынан мыйзамсыз курулган имаратты ыктыярдуу түрдө бузуу иштери башталды.


Тектеш материалды окуу