
Жарыяланган
2026-09-02, 14:39Манас шаарында техникалык коопсуздук талаптарын сактабаган объект аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактагы курулуш объектилеринин сапатына пландан тышкары текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Манас шаарынын Б. Эркинбаев көчөсүндө курулуп жаткан 9 кабаттуу турак үйдүн курулушунда техникалык коопсуздук талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Арап-Мамат” ЖЧКга карата “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берилди.



