
Жарыяланган
2026-23-02, 15:56Бишкекте курулуш объектисинде коопсуздук талаптарын бузган факты аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш объектилер текшерилип, Көк-Жар айылынын Мадиев көчөсү 9 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын курулуш объектисинде бир катар кемчиликтер аныкталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 9 кабаттуу турак жай имаратына кошо курулуп жаткан объектиде жана жер алдындагы автоунаа токтотуучу жайдын курулушунда техникалык коопсуздук эрежелеринин жана эмгекти коргоо талаптарынын бузулушу аныкталган.
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Аурум Билдинг” ЖЧКсына карата текшерүү актысы түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.



