Akchabarsearch
Бишкекте мыйзамсыз орнотулган тосмолор жана шлагбаумдар демонтаждалды

Жарыяланган

2026-03-03, 10:04

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган тосмолор жана шлагбаумдар демонтаждалды

Бишкек шаарынын Ленин районунда мыйзамсыз орнотулган тосмолор жана шлагбаумдар демонтаждалды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте уюштурулду. 

Аталган иштердин негизги максаты — жарандардын, ошондой эле өрт өчүрүүчү унаалардын, тез жардам кызматтарынын жана башка атайын техникалардын эркин өтүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле шаардык инфраструктураны колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык келтирүү болуп саналат.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында мыйзамсыз орнотулган 10 шлагбаум демонтаждалды.


Тектеш материалды окуу