Akchabarsearch
Бишкектеги 20 мектептин курулушунун техникалык абалы, сапаты талкууланды

Жарыяланган

2026-03-03, 09:19

Бишкектеги 20 мектептин курулушунун техникалык абалы, сапаты талкууланды

Бишкектеги 20 мектептин курулушу боюнча подряддык уюмдар менен жыйын өттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарында курулуп жаткан 20 мектептеги курулуш иштеринин техникалык абалы, сапаты жана аткарылышы талкууланды. 

Ошондой эле, долбоорлорду ишке ашырып жаткан подряддык уюмдардын актуалдуу маселелери каралып, анын ичинде курулуш материалдары, жумушчу күчүнүн уюштурулушу, коопсуздук чаралары, финансылык маселелер жана курулуш графигине ылайык аткарылышы боюнча бир катар маселелер каралды. 

Курулуш иштерин өз мөөнөтүнөн кечиктирбөө максатында тиешелүү тапшырмалар берилди.


Тектеш материалды окуу