Akchabarsearch
Ошто таштандыларды утилдештирүүчү заманбап заводдун курулушу жанданат

Жарыяланган

2026-20-03, 17:13

Ошто таштандыларды утилдештирүүчү заманбап заводдун курулушу жанданат

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кытайдын алдыңкы экологиялык технологияларды колдонгон «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясынын башкы директору Дай Даого менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар мэри таштандыларды утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү заманбап заводдун курулуш иштерин жандандыруу керектигин заводдун жетекчисине белгилеп, ишти активдүү жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле жаралган бардык маселелер мэрия тарабынан каралып, чечилип бериле турганын убадалады.

Аталган завод жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, завод экологиялык талаптарга толук жооп берип, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.


Тектеш материалды окуу