Akchabarsearch
Ошто жол тыгынын азайтуу үчүн эстакадалык көпүрө куруу пландалууда

Жарыяланган

2026-24-02, 10:49

Ошто жол тыгынын азайтуу үчүн эстакадалык көпүрө куруу пландалууда

Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитет жыйынында Ош шаарына эстакадалык көпүрө куруу боюнча долбоор каралды.

Транспорт жана коммуникациялар минисринин орун басары Улукбек Жаныбеков Ош шаарында жол тыгындары курч абалда турганын белгиледи. 

“Атайын изилдөөлөрдү жүргүзүп, Ош шаарынын Турсунбаев көчөсүнөн баштап жаңы базарга чейин атайын жол ачуу маселеси каралып жатат. Ошонун негизинде 3,2 км жол тилкеси менен эки эстакадалык көпүрөнү куруу каралган”, - дейт ал.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну жактырды.


Тектеш материалды окуу