
Жарыяланган
2026-19-02, 16:30Жол тыгынын азайтуу максатында балдарды жашаган жерине жакын мектептерге берүү сунушталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Жол боюнча кеңештин отурумунда Бишкек шаарынын МККБ башчысы Борборбек Ташматов билдирди.
Анын айтымында, жол тыгынын азайтуунун себебин аныктап алуу зарыл.
“Бир чечимге келип быйыл сентябрь айынан баштап ким кайсы жакта жашаса балдарын ошол жерге жакые мектептерге бара турган кылуу керек. Ошондой эле студенттер үчүн жатаканаларды окуу жайдын жанына жайгаштыруу керек”, - деди ал.
Отурумда шаар тургандары светофорлорду азайтууну, жол кире талонун бир саатка чейин жарактуу кылууну сунушташууда.



