Жарыяланган
2024-11-09, 14:36Ошто ЖОЖдордун биринин деканы жана анын орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Маалыматта Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КУМУ) финансы-экономика факультетинин деканы Ш.Ш.О. мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылгандыгы айтылат.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык, эки суткага (48 саатка) УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара талап кылуу" беренеси менен ушул эле окуу жайдын гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы У.И.С. жана декандын орун басары Д.у.Д. кармалган.