
Жарыяланган
2026-23-04, 14:31Ош облусунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Борко айылында көчөгө асфальт төшөө иштерине 13 млн 622 миң сомдук тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Тендерге катышууну каалаган компаниялар сунуштарын 22-апрелге чейин тапшырышы керек. Жеңүүчү болуп тандалган компания келишим түзүлгөндөн кийин 40 күн ичинде бардык курулуш иштерин бүтүрүүгө милдеттүү.
Талаптарга ылайык, катышуучу компания акыркы эки-үч жылда 13 млн сомдон кем эмес иштерди аткарган тажрыйбага ээ болушу зарыл. Мындан тышкары салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы жок болушу шарт.
Компания өзүнүн каржылык абалын тастыктаган расмий документтерди да көрсөтүшү керек.
Келишим шарттарына ылайык, подрядчы жолду бүткөндөн кийин 1 жылдык кепилдик берет. Төлөмдөр этап менен жүргүзүлөт: башында 20% аванс берилет, калган каражат иштер толук аяктагандан кийин төлөнөт.



