Akchabarsearch
Чүйдө асфальт заводунун иши токтотулду

Жарыяланган

2025-18-08, 10:38

Чүйдө асфальт заводунун иши токтотулду

Чүйдүн Баш-Кара-Суу айылындагы "Ысык-Көл дорстрой" компаниясынын асфальт заводунун иши токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. 

Министрлик белгилегендей, буга чейин Таш-Дөбө айылындагы жолго "Ысык-Көл дорстройдун" заводунан чыккан асфальт төшөлүп, анын сапаты начар болуп чыккан. Мындан улам министрликтин кызматкерлери заводго текшерүүгө барган. 

Алар заводдогу продукциянын курамын текшерип, жабдыктарды жана сертификаттарын карап чыгышкан. Жыйынтыгында завод чыгарган асфальт мамлекеттик стандарттарга жооп бербей турганы аныкталган. 

Компанияга эскертүү берилип, мүчүлүштүктөр жоюлганга чейин заводдун иши токтотулган. Ошондой эле айып пул салынган. 


Тектеш материалды окуу