
Жарыяланган
2026-23-04, 17:13Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Дөбө айылында төшөлүп жаткан асфальттын 200 метри буздурулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, айыл тургундары видеокайрылуу жөнөткөн. Анда асфальттын сапатына байланыштуу маселе көтөрүлгөн.
Жол Сарт-Аке көчөсүндө салынып жатат. Долбоордун жалпы узундугу 2.2 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө 1 чакырым жолдун бир тарбына асфальт төшөлгөн.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, сапаты жана калыңдыгы долбоордук талаптарга шайкеш келбеген участок аныкталып, буздурулду.



