Жарыяланган
2025-28-04, 09:02Социалдык фонд пенсионердин көз жумганына байланыштуу алынбай калган акыркы пенсиясын кимдер алууга укуктуу экенин эске салды.
Маалыматка ылайык, алынбай калган пенсияны маркум пенсионердин ата-энеси, жубайы жана балдары бирдей үлүштө алууга укуктуу. Эгерде андай жакын туугандары жок болсо, анда мураска укуктуу үй-бүлө мүчөлөрү ала алышат.