
Жарыяланган
2026-18-06, 16:37Кыргызстанда пенсияга албаган, анын ичинде жаш “баатыр энелерге” ай сайын жөлөкпул төлөө сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев тарабынан даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды.
Депутат пенсия алууга укугу жок, 18 жашка чейинки же окуу жайда окуган (күндүзгү окуу) 21 жашка чыга элек баласы бар “баатыр энелерге” жөлөкпул төлөөнү сунуштап жатат.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 1996-жылдан бери “Баатыр эне” ордени менен 43 миңге жакын эне сыйланган. Учурда алардын ичинен 31 миңдейи пенсия алат. Ошондо аталган жөлөкпулду болжол менен 12 миңге жакын "баатыр эне" алышы мүмкүн.
Бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, жөлөкпулдун өлчөмү канча сом болорун өкмөт аныктайт.



