Akchabarsearch
Жапаров Омандан эки учак менен 300 кыргызстандык мекенине кайтарыла турганын айтты

Жарыяланган

2026-03-03, 15:42

Жапаров Омандан эки учак менен 300 кыргызстандык мекенине кайтарыла турганын айтты

Бүгүн, 3-мартта президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн кыргызстандыктарды эвакуациялоо иштери жүрүп жатканын  Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ал эки учак жалдап 300 кыргызстандык чыгарыларын айтты.

“Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, Ата Мекенине келе албай жаткан жарандарыбызды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат. 

Бириккен Араб Эмираттарында учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу, Оман өлкөсү менен сүйлөшүп, эки учак жалдап 300 кишини алып кетүү боюнча макулдашууга жетиштик. 

Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет. 

Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет”, - деди президент.


Тектеш материалды окуу