Akchabarsearch
Президенттик администрацияда жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Жарыяланган

2025-29-12, 12:43

Президенттик администрацияда жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча отурум өттү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Адылбек Касымалиев Кыргызстандын ички дүң продуктусунун өсүшү 10 пайыздан ашып, өлкө экономикалык өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына киргенин белгиледи.

“2025-жылы өлкөнүн ИДПсы 1,8 триллион сомго жетип, консолидацияланган бюджет биринчи жолу 1 триллион сомдон ашты. Ал эми республикалык бюджет 34,3 миллиард сом профицит менен аяктады. Биринчи жолу өнүктүрүүгө кеткен чыгымдар социалдык чыгымдардан ашты. Ошону менен катар эле 341 инфраструктуралык объект ишке киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.


Тектеш материалды окуу