Akchabarsearch
    КОӨФ 760,5 млн долларга 3 миң 501 долбоорду каржылады

    Жарыяланган

    2024-03-12, 12:41

    КОӨФ 760,5 млн долларга 3 миң 501 долбоорду каржылады

    Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлгөндөн бери 3 миң 501 долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүп, 760,5 миллион доллар бөлдү. Мындай маалыматтар фонддун бүгүнкү мааракесинде айтылды.

    2024-жылдын 1-ноябрына карата фонддун кредиттик портфели 360 миллион доллар болду. Инвестициялардын негизги багыты өндүрүш тармагы болуп, бардык бөлүнгөн каражаттардын 49%ын түздү.

    "2023-жыл рекорддук жыл болду: бөлүнгөн каржылоонун көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу 2,3 эсеге көбөйүп, 159 миллион долларды түздү, биз Кыргызстандын экономикасынын өсүшүн, өзгөчө өндүрүш сыяктуу негизги тармактарга инвестиция тартуу аркылуу колдоо көрсөтүүгө умтулабыз", - деди фонддун башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков.

    Мындан тышкары инвестицияланган инвестициянын фонддун уставдык капиталына болгон катышы 152%га өскөн. Бул экономиканы өнүктүрүү үчүн ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну көрсөтүп турат.


    Тектеш материалды окуу