
Жарыяланган
2025-30-12, 17:10Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү быйыл 11 айда 376 кыргызстандыкка 34.3 млн рубль айлык акысын алууга жардам берди. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Ошондой эле өкүлчүлүк жумуш учурунда жаракат алган 10 жаранга ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 15.9 млн рубль кенемте алууга көмөк көрсөткөн.
Өкүлчүлүк 2022-жылдын ноябрь айында иштеп баштагандан тарта 2025-жылдын ноябрь айына чейин 1 миң 523 кыргызстандыкка жардам көрсөтүп, аларга 134 млн рублдан ашык айлык акы жана кенемте өндүрүп берилген.



