akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-31-03, 14:00

    Чет элдик номур тагылган унаалар 1-апрелден тарта мыйзамдаштырыла баштайт

    Кыргызстанга Абхазия, Армениядан мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды каттоо 1-апрелде башталып, 1-октябрга чейин созулат. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматыбилдирди.

    Легалдаштыруу мамлекеттик агенттиктин бардык аймактык башкармалыктарында жүргүзүлөт.

    Чет өлкөлөрдүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен документтери бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Ал эми документи жок болсо айдоочу ID паспортун, эгерде бар болсо машинени каттоо жөнүндө күбөлүктү, менчик укугун тастыктаган документти (бар болсо), автоунаа издөөдө, күрөөдө эмес экенин тастыктаган маалыматты бериши зарыл. Чек арадан алып өткөндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген маалымкат, легалдаштыруу үчүн 100 миң сом төлөгөнү тууралуу дүмүрчөктү “Унаа” мекемесине бериши зарыл.

    Мындай автоунааларга 10-аймак катары мамлекеттик номурлар берилет. Машине катталгандан кийин аны башка адамга сатууга, чет өлкөгө чыгарып кетүүгө, ошондой эле такси кызматына пайдаланууга тыюу салынат.


    Тектеш материалды окуу