akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-24-03, 09:44

    Кыргызстанда жол эрежесин билбегендердин айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынат

    Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта эреже бузгандардын айдоочулук билими текшерилет. Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров бергенин анын басма сөз кызматынан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, жол эрежелерин билбегендердин айдоочулук күбөлүгү алынып, сынактан ийгиликтүү өткүчө кайтарылбайт.

    Алдын ала маалымат боюнча, сынактан өтүү үчүн айдоочу акча төлөйт. Алсак, биринчи тапшырганда 500 сом, экинчисинде 1 миң сом, үчүнчүсүндө 2 миң, ал эми төртүнчү жолкусунда 4 миң сом төлөй турганы айтылды.

    Учурда атайын механизм иштелип чыгууда.


    Тектеш материалды окуу