Akchabarsearch
Оштон Караколго самолет каттай баштайт

Жарыяланган

2024-27-12, 10:16

Оштон Караколго самолет каттай баштайт

Оштон Караколго самолет каттай баштайт. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик авиакомпания учууларды 9-январдан тарта аткарат. Каттамдар жумасына эки жолу – бейшемби жана жекшемби күндөрү болот. Билет баасы 4 миң 600 сомдон башталат.

Эске салсак, 19-декабрдан тарта Бишкек-Каракол аба каттамы ачылган. Учактар бейшемби жана жекшемби күндөрү учат.


Тектеш материалды окуу