Akchabarsearch
Садыр Жапаров АКШга иш сапары менен барат

Жарыяланган

2025-22-09, 10:16

Садыр Жапаров АКШга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 22-25-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) иш сапары менен болуп, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-юбилейлик сессиясына катышат. Бул тууралуу президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Сапарынын алкагында Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт. 

"Ошондой эле мамлекет башчы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин "Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык" темасындагы ачык дебаттарына жана Климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги атайын иш-чарага катышат", - деп билдирди Сагынбек Абдумуталип.

Андан тышкары, Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында БУУнун башкы катчысы А.Гутерриш, Америка, Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн мамлекеттеринин жана делегацияларынын башчылары менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөрү пландалган. 


Тектеш материалды окуу