Akchabarsearch
    Садыр Жапаров Тажикстанга барды. Аны аэропорттон Эмомали Рахмон тосуп алды
    arrow right
    arrow right

    Жарыяланган

    2025-08-07, 10:20

    Садыр Жапаров Тажикстанга барды. Аны аэропорттон Эмомали Рахмон тосуп алды

    Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июлда Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык кызматы билдирди. 

    Садыр Жапаровдун учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Аны аэропорттон Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон тосуп алды. Аэропорттон аларга 500дөн ашуун артист катышкан чакан концерттик программа көрсөтүлдү.

    Эскерте кетсек, сапардын алкагында Садыр Жапаров Эмомали Рахмон, Тажикстандын парламентинин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 

    Ошондой эле эки президент биргелешкен билдирүү жасап, эки жактуу документтерге кол коюлат. 

    Андан тышкары кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, ошондой эле эки өлкөнүн өнөр адамдарынын катышуусундагы “Түбөлүк достук” концерти өтөт. 


    Тектеш материалды окуу