Жарыяланган
2025-12-05, 13:18Президент Садыр Жапаров 12-13-май күндөрү иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров бир катар аймактык объектилердин иши менен таанышып, социалдык объектинин ачылышына катышат. Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жаңы батирлеринин ачкычтарын тапшырат.