Akchabarsearch
Саламаттыкты сактоо министрлигине 100 жаңы автоунаа тапшырылды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-01-07, 12:18

Саламаттыкты сактоо министрлигине 100 жаңы автоунаа тапшырылды

Бүгүн, 1-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигине ата мекендик өндүрүштө чыгарылган 100 жаңы кызматтык автоунаанын ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Иш-чарада Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев медицина кызматкерлерин жана ардагерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, саламаттык сактоого бөлүнгөн каражатты чыгаша эмес, өлкөнүн келечегине инвестиция катары кароо керектигин белгиледи.

Ал акыркы жылдары саламаттык сактоо тармагын каржылоо олуттуу өскөнүн айтты. 2021-жылы бюджет 21.5 миллиард сом болсо, 2025-жылы 52 миллиард сомго жетип, 2.4 эсеге көбөйгөн. Ошондой эле 2024-жылдын 1-апрелинен тарта медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулап, бул үчүн кошумча 18,5 миллиард сом бөлүнгөнү белгиленди.

Адылбек Касымалиев өлкө боюнча медициналык кызматтардын бирдей жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтып, жарандар кайсы аймакта жашабасын бирдей деңгээлде медициналык жардам алышы керектигин белгиледи.

Иш-чарада белгиленгендей, жаңы кызматтык автоунаалар аймактардагы дарыгерлердин мобилдүүлүгүн жогорулатып, бейтаптарга тез жетүүгө шарт түзөт. Бул өзгөчө алыскы аймактарда медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга жана адамдардын өмүрүн сактоого жардам берет.
 


Тектеш материалды окуу