Жарыяланган
2025-16-09, 17:59Салават Садыракунов Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын төрага орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.
Дайындоо тууралуу чечим Финансы министрлиги тарабынан кабыл алынган.
Садыракунов буга чейин төрага орун басары болуп келген Бекмурза Өмүралиевдин ордуна келди. Өмүралиев өз каалоосу менен арыз жазып, кызматтан кеткен.
Салават Садыракунов буга чейин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкектеги филиалын жетектеген. Андан мурдараак «Электр станциялары» компаниясынын башкы директору болуп иштеген.