
Жарыяланган
2026-03-02, 16:19Мамлекеттик салык кызматы ишкерлер тарабынан накталай эмес төлөмдөрдү колдонууда жаралган көйгөйлөр боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Жыйынга Салык кызматынын төрагасынын орун басары Азат Алманбетов, Улуттук банктын, Банктар аралык процессинг борборунун, Кыргызстан банктарынын бирикмесинин жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда электрондук капчыктарды, POS-терминалдарды, банк эсептерин, карталарды жана QR-төлөмдөрдү колдонууда кездешкен тоскоолдуктар көтөрүлдү. Атап айтканда, комиссиялык төлөмдөрдүн жогору болушу, каражаттын эсепке өз убагында түшпөй калышы, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүлгөндө төлөөчү тууралуу маалыматтын көрсөтүлбөшү жана айрым банктардын ашыкча талаптары талкууланды.
Салык кызматы бул маселелерди чечүү үчүн комиссиялык жүктү азайтуу, төлөмдөрдүн ыкчам түшүүсүн камсыз кылуу, эсеп ачуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана электрондук сервистерди кеңири колдонуу боюнча сунуштарды берди.
Жыйынтыгында банк секторуна жана тиешелүү органдарга көтөрүлгөн маселелерди иштеп чыгуу жана жоюу боюнча конкреттүү милдеттер коюлду. Коммерциялык банктардын өкүлдөрү бул багытта кызматташууга даяр экенин билдиришти.



