
Жарыяланган
2026-22-01, 11:00Мамлекеттик салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъекттерине карата рейддик салыктык көзөмөлдү жана контролдук сатып алууну убактылуу токтоттуу. Бул тууарлуу аталган кызматтан кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүүлөр 31-декабрга чейин токтотулду.
Бул чечим учурдагы экономикалык кырдаалда чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо, бизнеске административдик басымды азайтуу максатында кабыл алынды.
Контролдук-кассалык машиналарды, эсеп-фактураларды колдонуу, банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана улуттук стандарттагы эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин пайдалануу аркылуу операцияларды жүргүзүүчү жабдуулардын болушу, ошондой эле товарларга карата алгачкы эсепке алуу документтеринин бар же жок экендиги боюнча рейддик салыктык көзөмөлдү жүргүзүү токтотулат.
Аталган маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү чаралары көрүлөрүн билдиришти.



