
Жарыяланган
2026-16-02, 18:00Бишкектин базарларында эттин баасын көзөмөлдөө боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Свердлов райондук администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын “Бишкек шаарынын аймагында этке жогорку бааларды белгилөө жөнүндө” буйругун аткаруу максатында уюштурулду.
Муниципалдык администрация тарабынан соода субъекттерине мыйзамдарды жана мамлекет тарабынан белгиленген баа чектерин так сактоо зарылдыгы эскертилди. Мындай иш-чаралар социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдүн баасын турукташтырууга жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган.
Свердлов муниципалдык администрациясы баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында көзөмөл иштерин үзгүлтүксүз улантат.



