
Жарыяланган
2025-14-11, 15:31Президент Садыр Жапаров Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы боюнча өткөргөн рейдин сынга алды. Бул тууралуу билдирүүнү ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Анда мамлекет башчы мэрлер электр энергиясын үнөмдөө жана тынчтык мыйзамын камсыздоо максатында тапшырманы ашкере аткарып жибергенин жазды.
“Электр энергиясын үнөмдөө жана тынчтык мыйзамын камсыздоо максатында тапшырма берсек, силер аны «бөрк ал десе — баш алгандай» ашкере аткарып жиберипсиңер. Биз элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз. Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер. Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды.
Электр энергиясын үнөмдөөнү - биринчи кезекте “эмне мамлекет төлөйт да” деген кайдыгер жеткечилерди, түнү бою жарыгын күйгүзүп таштап кеткен мамлекеттик ишканалардын имараттарын катуу көзөмөлдөгүлө. Ал эми тынч иштеп жаткан кичи жайларга барып, алардын тынчын алчу болбогула”, - деп жазды Садыр Жапаров.



