Akchabarsearch
    Сапарбеков жана Иманалиева Нарындын облус башчысынын орун басары болду

    Жарыяланган

    2025-03-07, 13:02

    Сапарбеков жана Иманалиева Нарындын облус башчысынын орун басары болду

    Руслан Сапарбеков президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары жана Айдана Иманалиева орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. 

    Дайындоо тууралуу документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. 

    Буга чейин облус башчысынын биринчи орун басары кызматын Адыл Сапаров, ал эми орун басар болуп Шабдан Абдырайым уулу иштеп келген. 


    Тектеш материалды окуу