
Жарыяланган
2026-15-07, 16:312026-жылдын январь – апрель айларында Кыргызстандан чет жакка 335.1 миң литрден ашык сыра экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Чет жакка кеткен сыранын жалпы наркы дээрлик 17.2 млн сомго жеткен.
Сыраны Кыргызстандан Казакстан (174.7 миң литр), Кытай (124.8 миң литр) жана Россия (35.6 мин литр) сатып алган.
2025-жылдын январь-апрель айларына караганда быйылкысында бул ичимдиктин экспорту 2.6 эсе же 559.5 миң литрге азайган. Былтыр төрт айда чет жакка 894.6 миң литрден ашык сыра экспортолгон.



