
Жарыяланган
2026-15-07, 15:22Бишкекте үч акча алмаштыруучу жайга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалым болгондой, аларга өлкө мыйзамдарын жана Улуттук банктын эрежелерин бузганы үчүн 55 миң сомдон, жалпы 165 миң сом айып салынган.
Белгилей кетсек, адатта Улуттук банк айыпка жыгылган акча алмаштыруучу жайлардын атын ачыктабайт.



