
Жарыяланган
2026-15-07, 18:00Кыргызстанга сыранын импорту азайды. Мунун Статистика комитетинин маалыматынан көрүүгө болот.
2026-жылдын январь-апрель айларында өлкөгө 3 млн 68.5 миң литр сыра импорттолгон. Анын жалпы наркы 300.3 млн сомду түзгөн.
Сыра Кыргызстанга бери жагы Казакстан, нары жагы Мексикадан ташып келинген.
Сыранын импорту (2026-жылдын январь-апрель айлары):
2025-жылдын январь-апрель айларына караганда быйылкысында импорт дээрлик 1.5 эсе же 1.3 млн литрге азайган. Былтыр төрт айда 4.4 млн литрдей сыра импорттолгон.



