
Жарыяланган
2026-06-11, 15:20Чүй облусунун Сокулук районунда 2021-жылдан 2026-жылдын сентябрына чейин 41 ири ишкана жана 189 чакан жана орто бизнес субъекти ачылган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 6-ноябрда районго болгон иш сапарында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, бул мезгилде райондо жумуш орундарынын саны 5.8 эсеге көбөйгөн.
Ачылган ири ишканалардын арасында «Манас Моторс» авто-логистикалык борбору, «Айнекстан» эшик-терезе чыгаруучу заводу, «Биовит» фармацевтикалык заводу жана «Вилби» балыкты кайра иштетүүчү ишканасы бар.
Мындан тышкары, райондо жаңы логистикалык борборлорду жана мөмө-жемиш, жашылчаларды кайра иштетүүчү заводду куруу пландалууда.
2021–2026-жылдары Сокулук районунда жалпы кубаттуулугу 21.4 МВт болгон төрт чакан ГЭС ишке киргизилген. Ошондой эле 167 чакырым жол асфальтталып, 27 чакырым тротуар курулган.
Калкты таза суу менен камсыздоо үчүн 26 айылда «Тунук Суу» долбоору ишке ашырылууда.
Акыркы жылдары райондо 8 мектеп, 12 бала бакча, 21 спорттук объект, 16 медициналык имарат, 6 парк жана 3 социалдык шаарча курулган. Учурда дагы эки мектеп, эки бала бакча жана 300 орундуу оорукана курулуп жатат. Үч бала бакча капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.
Ошондой эле райондо үч тазалоочу жайды жана автоунаа тетиктерин сатуучу муниципалдык базарды куруу үчүн кошумча каржылоо зарыл экени айтылды.
Мындан тышкары, «Семетей» жаңы конушун жол, инженердик тармактар жана социалдык объекттер менен камсыздоо маселеси көтөрүлдү.



