Akchabarsearch
    Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

    Жарыяланган

    2025-17-07, 10:43

    Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

    Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 20-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

    Сапардын алкагында визиттин статусуна ылайык расмий тосуп алуу аземи, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар өтөт.

    «Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда. Ошондой эле кыргыз-монгол бизнес форуму жана эки өлкөнүн искусство өкүлдөрүнүн катышуусунда концерт уюштурулат», - деп билдирди Сагынбек Абдумуталип.


    Тектеш материалды окуу