Жарыяланган
2024-10-10, 12:46Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дональд Лу менен жолугушту. Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, анда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланып, келечекте биргелешип иш алып баруу үчүн артыкчылыктуу багыттар аныкталды.
Элчи Бакыт Аманбаев кыргыз студенттери үчүн Америка визасынын мөөнөтүн бир жылдан беш жылга узартуу, кыргыз жана америкалык банктардын ортосунда корреспонденттик эсептерди ачууга көмөктөшүү жана кыргызстандык жүк ташуучу автоунаа айдоочуларын жана медайымдарды АКШга убактылуу жумушка тартуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселесин көтөрдү.
Ошондой эле элчи эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерди бекемдөө боюнча өз сунуштарын ортого салды.
Өз кезегинде Дональд Лу кыргыз студенттери үчүн виза мөөнөтүн узартуу сунушун колдоп, бул маселени ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарын берди. Америкалык тарап ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу боюнча өз ойлорун ортого салды.
"Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечекте өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыздоо үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү боюнча макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.