Жарыяланган
2025-31-01, 12:22Тарыхта биринчи жолу алтындын баасы унциясына 2 миң 850 доллардан ашты. Рекорддук өсүш өз кезегинде экономикалык өсүштүн басаңдашынан жапа чегип жаткан АКШ долларынын алсызданышы менен байланыштуу.
2024-жылдын төртүнчү чейрегинде АКШнын ИДПсы 2,3%га өстү, бул күтүүлөрдөн төмөн (2,6%дан 3,1%ке чейин). Бул инвесторлордун кооптонуусун күчөтүп, долларды алсыратып, алтынга болгон кызыгууну арттырды. Кошумчалай кетсек, америкалык валютанын арзандашы баалуу металлды башка валюталардын ээлери үчүн жагымдуураак кылат.
Кыргызстан үчүн алтындын кымбатташы оң белги. 2025-жылы алтын өндүрүү өткөн жылдын деңгээлинде (26 тонна) сакталса, жалпы агылып кирүүчү 2 миллиард доллардан 2,2 миллиард долларга чейин болушу күтүлүүдө.
"Өткөн жылы январдын аягында 1 унций алтындын баасы 2 миң 386 долларды түздү. Быйыл алтындын баасы 3 миң доллардан ашат деп ойлойм, андыктан мамлекет башчынын алтын сатып алуу боюнча кеңеши азыр да актуалдуу", - дейт серепчи Тимур Саралаев.