Akchabarsearch
«Эркечтамдагы» көпүрөнүн курулушуна 1 млрд 400 млн сомдой каражат жумшалат

Жарыяланган

2025-21-01, 13:25

«Эркечтамдагы» көпүрөнүн курулушуна 1 млрд 400 млн сомдой каражат жумшалат

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” өткөрүү түйүнүндө достук көпүрөсү курулат. Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети тиешелүү мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырды.

Көпүрөнүн узундугу 187 метрди түзөт. Ал Алай районундагы Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунда жайгашат.

Курулушту кытай тарап жүргүзөт. Долбоордун наркы 1 миллиард сомдон ашат. Макулдашууну ратификациялоо менен Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык алаканы өнүктүрүүгө шарт түзүлөт деп күтүлүүдө.


Тектеш материалды окуу