
Жарыяланган
2026-10-06, 14:24Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Ал эми бул кызматка убактылуу негизде Алтынбек Рысбеков энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.
Эскерте кетсек, Таалайбек Ибраев бул кызматты 2022-жылдын октябрь айынан бери аркалап келген. Азырынча анын кызматтан бошотулушунун расмий себеби айтылган жок.


