Akchabarsearch
Орто-Токой ГЭСи келерки жылы ишке берилет

Жарыяланган

2025-05-11, 14:30

Орто-Токой ГЭСи келерки жылы ишке берилет

Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштери 75%га аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев  Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерип барган. 

“Чакан ГЭС” ишканасынын башкы директору Шакир Саидов курулуш тууралуу маалымат берип, жумуштар бекитилген графикке ылайык журүп жатканын билдирди. Ал учурда суу алуучу дарбаза бетондолуп, суу топтолушуна тосколдук жаратпай турганын айткан. Ошондой эле узундугу 928 метр болгон деривациялык тоннель казылып, анын 624 метри бетондолгонун билдирген. 

Ибраев курулуш иштери өз мөөнөтүндө бүтүрүлүшү керектигин белгилеп, курулуштун жүрүшүн катуу көзөмөлгө алууну тапшырган.  

Министрлик билдиргендей, ГЭСтин курулушу 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аяктайт. 


Тектеш материалды окуу