
Жарыяланган
2026-28-01, 10:28Депутат Акылбек Түмөнбаев Курулуш министрлигиндеги 500 миң сомго жеткен маяна тууралуу маалымат угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал бул маселени кийинки аптада кароо керектигин айтты.
“Министр Нурдан Орунтаев министрликтин кызматкерлери 500 миң сом маяна алат деп социалдык тармакка билдирди. Бул коомчулукта талкуу болуп жатат. Айлыктар элдин мойнуна түшүп жаткан жокпу деген сөздөр айтылып жатат. Кийинки жумада тармактык комитетте, жалпы жыйында кароону сунуштайм”, - дейт ал.



