Akchabarsearch
Базаралиев: Акыркы эки жылда ири курулуштардын 80%ы республикалык бюджеттен каржыланды

Жарыяланган

2026-16-02, 11:19

Базаралиев: Акыркы эки жылда ири курулуштардын 80%ы республикалык бюджеттен каржыланды

Акыркы эки жылда ири курулуштардын 80%ы республикалык бюджеттен каржыланды. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев “Биринчи радиосуна” билдирди.

Анын айтымында, министрликтин 2024-жылга карата бюджети 22 млрд сом болсо, былтыркы жылкы бюджети 57 млрд сомду түзгөн.

“Жол фондунун каражаттары жана Турукташтыруу фондунун эсебинен каражаттар чоң долбоорлорго бөлүштүрүлүп берилди. Буга чейин көпчүлүк чоң  долбоорлор чет өлкөлүк донорлордун эсебинен аткарылып келген болсо, акыркы 2 жылда 80 пайыз курулушка республикалык бюджеттен каражат жумшалууда”, - деди ал.


Тектеш материалды окуу