
Жарыяланган
2026-09-07, 12:20Курулуш министрлиги үлүшчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо жана узакка созулган курулуштардын санын азайтуу максатында жаңы механизмди ишке киргизди. Бул тууралуу министр Нурдан Орунтаев «Ачык кабинет» долбоорунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, эми курулуш компаниясы объектти мамлекеттик реестрге киргизүүдөн мурда уставдык капитал түзүүгө милдеттүү болот. Объекттин аянтына жараша анын көлөмү болжол менен 100 млн сомго чейин жетиши мүмкүн.
«Биз уставдык капитал механизмин киргиздик. Реестрге кирүүдөн мурда курулуш компаниясы белгилүү өлчөмдө уставдык капитал киргизиши керек. Эгер компания банкрот болуп калса же башка көйгөйлөр жаралса, бул каражаттар жарандарга компенсация төлөөгө же курулушту аяктоого жумшалат», — деди министр.
Нурдан Орунтаев белгилегендей, курулуш компанияларынын айрым өкүлдөрү жаңы талаптар боюнча тынчсыздануусун билдирүүдө. Анткени көпчүлүк компаниялар курулуш иштерин инвесторлордун жана батир сатып алуучулардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүшөт. Бирок министрдин пикиринде, мамлекет мындай инвестициялардын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.
Ал батир сатып алган ар бир жаран курулуш долбоорунун инвестору болуп саналарын белгилеп, мамлекет алардын каражаттарын коргоо үчүн механизмдерди түзүшү керектигин айтты. Ошол эле учурда бизнес үчүн ашыкча административдик тоскоолдуктарды жаратпоо маанилүү экенин кошумчалады.
Министр ошондой эле курулуш тармагындагы өсүш жогорку темпте уланып жатканын билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын январь-май айларында курулуш тармагынын дүң продукциясынын көлөмү 150 млрд сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш темпи 164.6%ды түзгөн.



