
Жарыяланган
2026-09-07, 09:51Кыргызстанда учурда 540 курулуш объектисинде активдүү иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министри Нурдан Орунтаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Министрдин айтымында, бул объектилердин ичинен быйыл 200гө жакыны пайдаланууга берилет.
Ал белгилегендей, курулуштардын көбүнө видеокамералар орнотулгандыктан, объектилерди дайыма жеринен барып текшерүүнүн зарылчылыгы жок. Курулуш иштерин атайын инспекторлор көзөмөлдөп турушат, ал эми министрлик объектилердин жүрүшүн камералар аркылуу да байкап турат.
«Өлкө боюнча 540 курулуш объектиси бар. Алардын баарын кыдырып чыгууга көп убакыт талап кылынат. Ошондуктан негизинен бүткөрүлүүгө жакындаган объектилерге барып, көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылабыз», — деди Орунтаев.
Ошондой эле ал Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө Бишкек шаарында 20, Ош шаарында 10 жана Манас шаарында 6 ири мектеп курулуп жатканын айтты.
Аталган мектептер жаңы окуу жылынын башталышына чейин пайдаланууга берилери күтүлүүдө.



