
Жарыяланган
2026-11-02, 12:54Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги социалдык тармактарда тарап жаткан Каракол шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын курулушуна байланыштуу видео боюнча комментарий берди.
Маалыматка ылайык, аталган видео Каракол шаарынын Тоголок Молдо жана Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан Мамлекеттик ипотекалык компанияга тиешелүү көп кабаттуу турак жайлардын курулуш аянтчасында тартылган.
Бүгүнкү күндө текшерүү жүргүзүлүп, курулуш нормаларына жооп бербеген газоблоктор толук демонтаждалды. Демонтаж иштеринин жыйынтыгында объект курулуш ченемдери жана техникалык талаптарга ылайык калыбына келтирилди.
Аталган факт боюнча подряддык уюмга мыйзам чегинде тиешелүү көрсөтмөлөр берилди. Учурда курулуш иштери бекитилген долбоордук-сметалык документацияга ылайык жүргүзүлүүдө.



