
Жарыяланган
2026-18-03, 17:032025–2026-жылдардын кышкы туристтик мезгилинде Каракол шаарына 265 миңге жакын турист келген. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
17-мартта мэрияда туризмди өнүктүрүү боюнча кеңештин жана туристтик сектор өкүлдөрүнүн жыйыны өттү. Анда 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата пландар талкууланды.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы Караколго жалпы 264 миң 859 турист келген. Анын ичинен 211 миң 199у уюшкан түрдө, ал эми 53 миң 660ы өз алдынча келген. Учурда шаарда 157 жайгаштыруу объектиси иштеп, күнүнө 3 миң 200гө чейин турист кабыл алууга мүмкүнчүлүк бар.
Жыйындын жүрүшүндө туристтик статистиканы так жүргүзүү, жаңы туристтик продуктуларды иштеп чыгуу жана мэрия менен бизнес өкүлдөрүнүн кызматташуусун күчөтүү маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле туризмди системалуу өнүктүрүүгө багытталган кеңештин курамы тааныштырылып, анда 15 мүчө бар экени белгиленди.



